www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечиш керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.
--“Өзүбүз президентти тандап, шайладык. Эми ага мүмкүнчүлүк берип, колдоп турушубуз керек. Эч ким келе калып эле маселени чечип же бир ишти аягына чыгарып жибербейт. Кичине ага убакыт берүү керек. Эгер кандайдыр бир убакыттын ичинде бир натыйжа көрсөтпөсө анда талап койсок туура болот. Ал эми чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечиш керек. Антпесе абал курчуп кетет. Андыктан дыккат, туура сүйлөшүүгө баруу зарыл. Эки кошуна бардык маселени тынчтык жол менен чечиши керек. Дипломатиялык жол менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала турган кадрлар менен маселени чечиш керек. Өкмөт чек арада жашагандардын социалдык маселелерин чечүүгө каражат бөлүп, жолдор бүтүп жатат. Бирок бизде негизги маселе коопсуздукту сактоо керек болуп жатат”, - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg