www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Айкөкүл Асылбекова митингден бакты ачылган Элвира Суравалдиевага өзүнүн социалдык тармагы аркылуу катуу эскертүү берди. 

--Октябрь окуясы кызматтын кулдарына багын ачты. Анда эмесе кеп мындай- ошол убакта баары кресло оорусу менен ооруп эптеп бир жерге жабыша калайын деп кыйкырып жүрүшкөн. Ал эми алардын катарында Ала-Тоо аянтында жалаң, эркек жана мен деп жүргөн Сурабалдиева бийликке жаштар келсин деген талап менен элдик толкундоо азыркы бийликке жагынып вице-премьер-министр кызматына келип алды десек болот. Сурабалдиева ошол күндөн тарта Сооронбай Жээнбековго асылып келүүдө. Айым деп сыйлаганды билсе кана? Ошол учурда аянтта чуркап жүрүп аксакал атадан да таяк жеген эле.

Элвира айым, сиз аз убакытта кызматка киришсеңиз да эл сизден иштегеңиздин жыйынтыгын сурай элек. Сиз экс президент Сооронбай Жээнбековго асыла бербей, эсиңиз барда этегиңизди жыйыңыз. Сиз менен эсептешүүгө да убакыт келди. Октябрь окуясындагы башаламандыкка сиздин салымыңыз зор. Убакыт сааты келгенде жооп бересиз унутпаңыз. Себеби ошол учурда элге жагынуу амалын ойлоп, күндө түз эфир жылдызына айланып калдыңыз эле.

Бийлик деген убактылуу да, муну өзүңүз да баамдап жатасыз. Анткени, сизди кызматыңыздан алып койду. Себеби баары убактынча болчу. Эгерде сыйыңыз менен,эл менен эсептешип келгенде азыр балким бир креслодо отурат белеңиз. Бекерчиликтен, баш айланып эми кайра Сооронбай Шариповичге асыла баштадыңыз. Бул туура эмес. Сизди кызматка коюп, кайра алып койгон, Сооронбай Жээнбеков эмес, Садыр аваңызды эстей жүрүңүз.

Бир убакта, жөнөкөй президет деп, Сооронбай Жээнбеков менен кыналыша түшкөн сүрөтүңүз бар эле. Ошол сүрөттү карап, жакшылап жыйынтык чыгарыңыз. Азыркы бийлик, сизди пайдаланса Сооронбай Жээнбеков күнөлүү эмес да туурабы. Ачууга алдырбай сабыр кылып туруңуз. Элвира айым, эл сизди унтуп калса эле экс президент Сооронбай Шариповичге асылган адатыңызды таштаңыз. Сиз жөнүндө да көптөгөн маалыматтар бар, убагы келсе чыга берет, - деди активист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости