www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден алса болот?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болорун айтып берди.  

COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатты жарандар коопсуз жана онлайн режиминде төмөнкү жолдор менен ала алат:  

алгач vc.emed.gov.kg расмий сайтындагы "Сертификат" бөлүмүнө кирүү керек;  

КР жарандары персоналдык жеке номерин (ПИН), ID-картанын сериясын жана номерин терет; 

чет элдиктер паспорттун номери менен аты-жөнүн жазат. 

Сертификат PDF форматында жана индивидуалдуу берилген QR-код менен чыгарылат. 

Министрлик электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок экенин эскертти.  

Белгилей кетсек, буга чейин вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты portal.tunduk.kg порталындагы "саламаттык сактоо" деген бөлүмү да көрсөтүп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости