www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаевдин монорельсин кура албасак дагы машинаны жасашыбыз керек. Мындай пикирди Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев айтты. 

Анда ага "Эгемендүү республиканын борбору болгон Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүп кетүүгө кандай пландар бар?" деген суроо берилди.

--"Эгемендүү республиканын борбору болгон Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүп кетүүгө кандай пландар. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, шаарды өнүктүрүүгө келгенде каражат жагынан кыйналып жатабыз. Бирок биз кол куушуруп дагы отуруп калбашыбыз керек.

Азыр мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен бирге чоң максаттарды коюп баштадык. Шаарды өнүктүрүп кетиш үчүн биринчи элди ойлошубуз керек. Биринчи шаардын экологиясына көңүл бурушубуз керек.

Учурда 430 миң унаа шаарда жүрөт. Биз жол тыгынын пайда кылбаш үчүн айланма жол курушубуз керек. Балбак Түлөбаев досумдун монорельсин кура албасак дагы машинаны жасашыбыз керек", - деди Ырсалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости