www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөгө чыгууну чектөөнү жеңилдетет. Ведомстводон билдиришкендей, эми 50 миң сомго чейин салык карызы бар жарандар алдын ала милдеттүү төлөмсүз өлкөдөн чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов I кварталдын жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясында демилгеледи, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамиледе болууну чагылдырат.
Салык кызматынын төрагасынын айтымында, иш жүзүндө 1000-2000 сомдун тегерегинде карызы бар жарандардын чыгуудан кечигип калган учурлары көп болуп, дарылануу, окуу, иш сапарларын үзгүлтүккө алып келген.
Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, ашыкча формалдуулуксуз сапарын уланта алат. Жаңычылдыкты жакынкы айларда ишке ашыруу пландалууда. Салык кызматы мындай жол менен жарандардын жашоосу жөнөкөйлөтүлүп гана тим болбостон, мамлекеттик органга болгон ишеним жана салыктын чогулушу да жогорулай тургандыгын баса белгилейт.