www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

⸺ Буга чейин, скифтерди перс тилинде сүйлөгөн эл катары айтышчу эле. Сиз кантип аларды кыргыздар менен байланыштырып жатасыз? Ал тургай жаңы жазган китебиңизде дагы кошумчалай кеткенсиз.

Байыркы тархычылар скифтерди сактар деп да коюшкан. Ошого мени байыркы доорлордо Теңир Тоону мекендеген тиграхауд сактары менен кыргыздардын байланышы кызыктырды. Мисалы, енисей кыргыздары ошол скиф сактарына, асийлерге (усундарга), тохарларга (юэчжилерге) таандык R1a1 гапплагруппасын алып жүрүшкөн. Ал эми тяньшаньдык кыргыздардын генинде R1a1 гапплагруппасы 63% ды түзөөрү белгилүү. Ошондуктан, мен изилдөөлөрүмдө кыргыздардын тарыхын байыркы Скифия менен байланышта кароого аракет кылдым. Себеби, ДНК изилдөөлөр кыргыздардын ата-бабаларын скиф маданиятын башатында турган эл катары көрсөтүп жатат. Анткени биз алардын 63% генин мурастап калышыбыз, бул өтө чоң көрсөткүч.  

Белгилүү болгондой тиграхауд сактары перстер менен согушуп турушкан. Б.з. ч. 530-ж. сактар Кир II менен согушуп, аны туткундашкан. Бирок, Дарий падышасы тушунда б.з.ч. 519-518жж. Тиграхауд -сактары жеңилүү азасын тартышкан. Сактардын бир бөлүгү Н. Л. Членова ошол мезгилде сактардын бир бөлүгү Минусин ойдуңуна көчүп кеткенин жазган. Н. Л. Членованын баамында көпчүлүк окумуштуулар сактарды Сырдын аркы өйүзүндө, Чачтын айланасында жана андан ары жайгашкан Кыргыз талааларында жана Туштук Казакстанга жайгаштырууга аракет кылышат. Окумуштуулар Тарбагатай жана Жогорку сактардын чыгыш чеги катары Иртышты таанышат. Н. Л. Членованын пикиринде, тиграхауд уруу башчыларга таандык Бес-Шатыр көрүстөндөрүндөгү изилдөөлөр «сактардын баары эле Дарийге баш ийип берген эместигин күбөлөп жатат. Окумуштуу «Дарийге баш ийбеген сактар , чыгышка, Минусин ойдуңуна көчүп кеткен» деп белгилейт [619. – С. 219–220]. Н. Л. Членова пикиринде Минусин ойдуңундагы байыркы тагар маданияты асии, тохар уруулары менен байланышта болгон. Кызыгы, Н. Л. Членованын тиграхауд сактарынын Минусинге жер ооштургандыгы тууралуу гипозетазасын енисей жана теңиртоо кыргыздарынын ата-бабалары катары каралып жаткан тиграхауд сактарынча калпак кийип, ак калпак кыргыз деп аталып келгени да кайсы бир деңгээлде бышыктап тургандай. Хакастарда эң ири уруу катары сагай уруусу аталып келет. Кыргыздардагы саяк уруусун орус окумуштуулары эбак эле сактардын тукумдары катары карашкан.  

⸺ Н. Л. Членовадан башка окумуштуулар бул маселени кандай карашкан?

⸺ 1960-жылдары эле Н. Л. Членова Р. Кызласовдордун азыркы Минисун ойдуңунда жашаган динлиндер хакастардын ата-бабалары болгон деген теориясын жаңылыш деп, аны кескин сынга алган. Бирок, СССР учурунда бул маселеге анчейин маани берилбей калган. Себеби, бул гипотеза менен катар Р. Кызласов өзүнүн азыркы Минисун ойдуңунда динлиндер жашаган жана алар азыркы хакастардын ата-бабалары болгон деген жанылыш теориясы өнүгө баштаган. Р. Кызласов Н. Л. Членованы жеңе албасын алдын ала билген. Ошого Р. Кызласов өзүнүн теориясын саясатташтырып, марксизм жана ленинизмдин таптык күрөш жөнүндөгү теориясына байлап койгон. Ошол кездеги окумуштуулар Маркс, Энгельс жана Лениндин эмгектерине шилтеме берип негиздебесе, жазбаса, анын изилдөөлөрү анчейин мааниге ээ болчу эмес. Р. Кызласов бул ыкманы илимий эмес, өз кызыкчылыгында өтө мыкты колдонгонун айтып, ошондуктан СССР мезгилинде анын гипотезасы үстөмдүк кылып келгенин ачык эле жаздым. Ошого. Бирок, СССР кулагандан кийин, айрым окумуштуулар бул маселеге көңүл бура баштады. Мисалы, В. В. Ушницкий жана Ю. Н. Есин скифтер доорунда жайылган байыркы тагар уурулар маданиятын енисей кыргыздары-цзянькундарга таандык болгон деп билишкен. Биз болсо, байыркы скиф уруулары асии жана аримаспейлерди аздардын жалпы цзянькунь (кыргыз) деген атта белгилүү болгон эки уруусу катары таанууну сунуштадык. Биз Геродоттун аримаспей уруусун орхон-енисей рун жазууларында кездешкен аздардын Батыш Монголияда жайгашкан «Йирим Аз» [321.-С. 12; 124.-С. 71] өлкөсүнүн аты катары тааныдык. Бул тыянакка таянып, байыркы тохар, асии (усундар), аримаспейлер же йирим аздар, йир-байырку, цзянькунь (кыргыз), синьли (канглы) ж. б. тагар маданиятына тиешелүү уруулар катары карадык. Жогорудагыларга таянып, тагар маданиятынын уруулары катары таанымал асии, арисмаспей (йирим аз) тюрк тилинде сүйлөшкөн деген жыйынтыкка келдик. Демек, байыркы асиилерди, аримаспейлерди, кытай булактарындагы усундарды, рун жазмаларындагы йирим аздарды Минусин ойдуңунда тагар маданиятын алып жүргөн бир эле эл, аздар деп тааныксак болоору айгинеленди. Бул болсо, илгертен эле Минусин ойдуңунда байыркы хакас эли жашаган деген Л. Р. Кызласовдун теориясын толугу менен жокко чыгарып жатат. 

⸺ Сиз ата-бала Кызласовдорду катуу сындап койгон жоксузбу?

⸺ Жок. Мен болгонун болгондой эле жазып койдум. Б.а. Р. Кызласов 1960-жылдары Н. Л. Членовага жана башкаларга утулуп калбаш үчүн, өзүнүн байыркы хакастар жаңылыш теориясын марксизм-ленинизмдин таптык күрөш тоериясына байлап койгон. Б.а. Кызласовдор кыргыздар төбөл урук болгон, ал эми байыркы хакастар-динлиндер Минусин ойдуңунун негизги калкы болгон деп чыккан. Ошого СССР мезгилинде анын териясын эч ким жок кыла алган эмес. Мен муну ачык эле жазып койдум. Себеби, эгерде хакастар чын эле Минусиндин негизги калкы болсо, анда эмнеге енисей кыргыздарын басып алышкан ашина түрктөрү, уйгурлар, Чынгыз хан кыргыздардын башын алып, ошол хакастардын уруу башчыларын наместник кылып коюшкан эмес, ошону түшүндүрүшсүн деген талапты койдум. Же байыркы хакастардын төбөлдөрү акылы тайкы, эч нерсеге жарабаган бечаралардан беле, далилдерди келтирсин деген талапты койдум. Алар «хакас» этнонимин хакастардагы «хаас» же «каш» жана «хаска» уруктарынын аттары менен окшоштуруп, негиздөөгө аракеттенишкен. Мен хаас же «каш», «хасха» аттарын кыргыздардын каш келен, каш керен жана кашка уруктары менен окшоштурдум. «Кашка» энисей жана тяньшань кыргыздарын бийлик эгесинин титулу болгон. Каш келен Тагай бийдин уулунун аты, ал эми Каш керен азыктардын ата бабасы Азыктын уулу. Б.а. хакастарды хаас же каш, хаска уруктары енисей кыргыздарынын эле уруктарынын тукумдары деген ойду айтып жатам.  

⸺ Демек, Сиздин оюңузча, тиграхауд сактары Минусинге көчүп барып, ал жакта Кангорай ээлигин курган экен да?

⸺ Ооба. Мен жогорудагы окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүн улап, Сырдарьянын жээгиндеги байыркы Канха жана Минусинде жайгашкан Кангорай ээликтерин Улуу Турандын кыргыз ээликтери катары кароого аракет кылдым. Себеби, айтылуу «Махабхаратада» Канха ээлигин курууга канха, шака, тугхар уруулары активдүү катышканын айтылат. Ошол эле учурда, Кангорайды туптоодо активдүүлүктү Минусинди жердеген ошол эле урулар: тохарлар (юэчжи), асии, аримаспейлер, тиграхауд сактары, синьли (канлы/канха), цзянъкуньдар (кыргыздар) көрсөтүшкөн. Анан калса, тохарлар (юэчжилер) илимий адабиятта массагет-сактарынын чыгышкы бөлүгү катары каралат эмеспи. Ошондуктан, Улуу Туран өлкөсү Сырдарьяда Канха, ал эми Енисейде Кангорай деген атта эки улустан турса керек деген пикирди айттым. 

Мындайча айтканда, кыргыздар байыркы скиф жана туран маданияттарынын башытында турган десек жаңылбайбыз. Албетте. бул изилдөөлөр дагы улантылат, такталат.

Айсулуу Талантбек кызы, NazarNews

 

  

Последние новости