www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Курандын Гаагада өрттөлгөндүгүнө байланыштуу Нидерланддын Анкарадагы элчисин министрликке чакырды. Бул тууралуу РИА Новости аталган тышкы саясат боюнча ведомствого шилтеме берип жазды.

Оңчул радикалдык Pegida кыймылынын лидери Эдвин Вагенсвельд Курандын бир нече барагын китептен айрып алып, күйгүзүп жиберген.«Нидерланддын Анкарадагы элчиси Түркия Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул ишке катуу каршылык билдирилип, мындай акылга сыйбаган кадам сынга алынды. Биз Нидерландда мындан ары буга окшогон акцияларга жол бербеш керектигин талап кылдык», - деп айтылат билдирүүдө.

Анда Анкаранын Нидерландда Вагенсвельдге карата чара көрүүнү жана буга окшогон окуялардын кайталанышына жол бербешин күтүп жаткандыктары жазылган.

ТИМ Швециядан кийин Нидерланддын Куранды мазактаган акциясы «Европа исламофобия, дискриминация жана ксенофобиянын чегин» билбей калгандыгын көрсөтөрүн белгиледи.

Буга чейин Стокгольмдо (Швеция) ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖКМлар ал муну кылуу үчүн Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан «Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү» каалаганын айткан.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Курандын өрттөлүшү Европадагы исламофобия, расизм жана дискриминациянын деңгээлин тастыктап, Швеция НАТОго кошулуу боюнча кол койгон үч тараптуу меморандумдун милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости