www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми түшүндүкпү?!.. Таасирдүү окуя

Чын чынына келгенде  үйүбүз өтө деле кичинекей жана муздак деле эмес экенин..
Жаткан керебеттин,  жана жамынган жуурканыбыздын  маркасы  анча деле маанилүү эмес экенин...  
Тамагыбыздын тузу,  томаты,  этинин азы көбү,  даяр болбой  беш-он мүнөткө кечигип жатканы...

Телефонуңуздун,  машинаңыздын маркасы...
эс алуучу жерибиз,   байлыгыбыз.... Мунун баары чоң мааниге ээ эмес экенин үйрөнүүгө убакыт келди...

Млндогон акчага сатып алган үйүбүз бир күнү биздин мүрзөбүз болуп калышы мүмкүн экенин түшүндүкпү деги?....

Үстүңдөгү пальтоңдун баасына караганда,  буттарыңды үшүтпөгөн бир бурчтагы эски жууркан,  ысык чай,  шорпо, нан  кандай баалуу экенин сездикпи деги?

Бир кездеги жүрөгүн оорутуп алган адамдын көңүлүн алганга убакыт табылбаганы...

Жетишпей калган кемеге,  толуп калган автобуска кайгыруунун канчалык керексиз экенин  сездикпи?

Кандай шартта уктаганыбыз эмес,  кандай шартта, кандай абалда,  кантип ойгонгонубуз же ойгонбой калышыбыз маанилүү экенин... 
Демейде жамынып уктаган жууркандын ордуна
 үйүлгөн урандылардын астында каларыңызды ...
 Бул кырсыктар, алааматтар ар дайым сабак болушун унутулбаш керек экенин түшүндүкпү...

Байлык, мал-мүлк,  кызмат.. 
Булар  сага жөн эле  убактылуу гана  АМАНАТ.

Ал эми АДАМГЕРЧИЛИК түбөлүктүү жана зарыл экенин түшүн.
Жакындарыңдын баркын бил,  көңүлдөрүн сындырба,  ичип-жегениңди ысырап кылба...

Ишенип берилген бул жашообуз, өмүрүбүз менен качан  каякка чейин жетип коштошоорубуз биз үчүн белгисиз...

Жазган: Ali Salih Iflazoglu 

Последние новости