www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.

Буга чейин бир күндүк эмгек акысын төмөнкү мамлекеттик органдар которду:

- КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
- КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;
- КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
- КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;
- Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;
- Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);
- Бишкек акимчилигинин кызматкерлери;
- Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;
- Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
- Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 17 миң 674тү, ал эми жабыркагандар 72 миң 879 адамга жеткени кабарланды.

Эске салсак, Кыргызстанда Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө каражат топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости