www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократия бүт дүйнө жүзүнө прогрессти алып келген эң татыктуусу. Мындай пикирди экс-министр, экономист Эмил Үмөталиев айтты. 

--"Биз кимден же эмнеден эгеменбиз? Эң оор таасири тийген - бул колониалдык режим. Тоталитардык деп таанылган Орус империясынан расмий түрдө эгемендик алдык. Демократия бүт дүйнө жүзүнө прогрессти алып келген эң татыктуусу, бардыгына жагымдуу шарттарды түзүп берген бул демократия жана базар экономикасы экен деп биз ошол тарапка багыт алганбыз.

Кайсы бир жылы биздин күчүбүз жетип, биз адамды өлтүрүүгө бөгөт койдук. Өлүм жазасына тартуудан баш тарттык. Бул эң чоң жетишкендик. Арабызда кээ бирөөлөр аны кайрадан кайтарыш керек дегенине карабастан, бирок адамзаттын эң жетишкен сабырдуулугу, гумандуулугу жана илимге негизделген жаңы даражадагы түшүнүгү. Биз ага ээ болдук. Бул биринчиси.

Экинчиси, 1991-жылдан баштап жер менен мүлккө ээ болгонго уруксат бере баштадык. Ошол нерсе адамдын эркиндигине негиз салган эң маанилүү нерселерден. Анткени, 1917-жылдан баштап миллиондогон адамдардын, кыргыз элинин дагы, ата-бабаларыбыздын кырылган себеби ошол. Аларды мүлкүнөн ажыратыш үчүн өлтүргөн. Рублдин ордуна кыргыз сомун киргизгенбиз. Ошол биздин эгемендикке болгон салымдарыбыздын эң күчтүү негизи болду.

Үчүнчүсү, кыймыл, сапар жана саякат эркиндиги. Адам көчүп конууга, башка жерде иш кылууга эркиндиги болмоюнча, ал эркин адам эмес. Кыргыз эли көп жылдар каттоо (прописка) аркылуу аябай чектелген болчу", - дейт экономист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости