www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция жөнүндө маалымат бергендерге сый акы берилет

Коррупция тууралуу маалымат берген адамга сый акы төлөөнүн тартиби жөнүндөгү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, бир жолу берилүүчү сый акы коррупциялык мыйзам бузуунун ордун толтурган акчанын эсебинен 10 процент өлчөмүндө төлөнөт жана анын суммасы бир миллион сомдон ашпоосу зарыл.

Жемкорлук тууралуу маалымат тийиштүү далил документтер менен бекемделиши талап кылынат. Аларды атайын комиссия текшерип турат.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу 2016-жылы коррупция тууралуу маалымат берген адамдарды коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдап, коомчулуктун талкуусуна койгон. Анын негизги максаты жемкорлукка каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартып, коррупциялык мыйзам бузуу боюнча маалымат бергендерге акы төлөө экени айтылган, бирок мындай аракеттен майнап чыкпай турганын, коомдо баканооздук күчөрүн белгилегендер да болгон.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору. 2015-жылы Кыргызстандыкы 28 балл болчу.

Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости