www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмилбек Каптагаев араң тирүү калган...

— Эмилбек Саламатович, 7-апрелди кандай тостуңуз? Сиз дагы майрамдадыңызбы? Элдик майрам деп жарыяланбадыбы?

— Ал күн мен үчүн ыйык күн десем аша чапкандык болбойт. Анткени 6-апрель күнү кечки саат 8.30да ГКНБга кармап алып барышкан, саат 9дан таңкы 5.30га чейин сурак жүрдү, адвокатты киргизбей, уктатпай, түнү менен сурашты. Мына ошол сурак маалында 7-апрель күнү таңга жуук мага ачык эле айтышкан, ал жактан тирүү чыкпай турганымды. Элдин деми менен, ошол күнү Ак үйдүн алдына, аянтка, ГКНБнын жанына келген эр жүрөк мекендештердин кайраты менен, ошол күнү төгүлгөн кандын баасы менен тирүү калдым. Кудай ичер суумду түгөтө элек экен, мына ошол Апрель революциясынын 7 жылдыгын да белгилеп атам. Ошол күнү камакта отуруп, эртең эмне болоорун билбей отурган ар бир адамдын мойнунда өмүрдүн аягына чейин аткаруучу милдет бар — ​бул өлкөнүн мындан аркы түз, туруктуу өнүгүүсү үчүн күрөшүү, кайрадан “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген замандын келүүсүнө жол бербөө. Быйылкы 7-апрелде өзүмдүн жакындарым менен, тилектеш адамдар менен бирге болдум, дасторкон үстүндө учурдагы кырдаал, ошол кездеги авал жөнүндө пикир алышып, Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн курман болгондорго багыштап Куран окудук.

— Ала-Тоо аянтына келип, 7-апрель күнү каза болгон азаматтар үчүн курулган эстелик ташка гүл коё алдыңызбы?

— Ооба, шаан-шөөкөтү жок эле, басма сөзгө пиар кылбай, 6-апрель күнү түштөн кийин барып гүл коюп, Ак үйдүн тосмосунун жанында шейиттерге дува кылып Куран окуп кеткем.

— Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү тез-тез жолугуп сүйлөшүп турабыз дедиңиз эле. 7-апрель күнү да жолугуп, баштан өткөргөн күндү эстеп, андагы ой-максаттар канчалык деңгээлде ишке ашты деп сөз кылдыңарбы?

— Жолуктук, бирок 6-апрель күнү. Болот Шер чакырган “Ата Мекен” партиясынын штабына, курман болгондорго арнап Куран окутуп, анан Элдик революциянын жеңишин белгилеп жатабыз деп. Роза Исаковна, Эльмира Султановна, Кеңешбек Дүйшөбаев болуп барып иш чарага катыштык. Ал эми ошол Апрель революциясынын максаттары жөнүндө сөз кыла турган болсок, негизи мамлекеттик түзүлүштүн өзгөргөнүн, коомдук маанайдын да башка нукка бурулганын тана албайбыз го дейм. Бирок, албетте, былтыркы зордук менен өткөн референдум, Конституцияга мыйзамсыз кол салуу, андан бери карай коомдо саясий репрессиялардын белгилеринин пайда болуусу, өлкөбүздүн эгемендик жылдарындагы өнүгүүсүндө орчундуу орду бар саясатчы Текебаевдин кайдагы бир “суу куйдунун” жалаасы менен камалышы, басма сөзгө, айрыкча эркиндиктин жарчысы болгон “Азаттык” радиосуна болгон кысымдар кооптондурбай койбойт, өлкөбүздүн эртеңки күнүн күмөн кылат. Бул жөнүндө ачык эле айтып келе жатпайлыбы.

Булак: "Жаңы ОРДО"

 

 

 

 

Последние новости