www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда болуп жаткан саясый окуялар мени ар кандай ойлорго салат. Айрым учурда Мекенимди сагынганда көзүмдөн жашым тегеренип кетмек тургай, ыйлап жиберемин. Мен үчүн Кыргызстан бүткүл дүйнө. Тилекке каршы өлкөбүз эгемендүүлүктун 25 жылдык өмүр сүрүп келгени менен Европаны албайлы, жакынкы коңшу мамлекеттерден артта калганы өкүндүрөт. Өзүм үчүн эмес, кыргыз элим үчүн Америкада чыккан көз жаштарды такыр унутпасам керек”,  - деп билдирди бүгүн, 19-апрелде Америкадан Изиля Макеева.

“Кыргызстан жомоктогудай өлкө. Тилекке каршы жарандарыбыз, көр оокаттын айынан, Ата журтубузду таштап, акчалуу журт издеп мамлекеттен чыгып кеттик. Мамлекет өзүнүн жарандарынан бир жолу кабар албай, өздөрү менен өздөрү. Биз болсок, тагдырдын өгөй балдарындай болуп, ар кайсы мамлекетте өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз кесип, оокат кылып келе жатабыз. Макул, бааарына кайыл болгонубуз менен саясаттагы саясый күрөш, баткак болуп, уулу бака сазга толуп, кыргыздын чыгаан жигиттери камалып, бийликтегилер караңгы жерге туу сайып келе жатышат. Бул көрүнуш минтип олтурса аягы эмне менен бүтөөр экен деп сар-санаа болуп олтурам. Туулган жердин кадырын билбегендер, эгемендүүлүктүн баркын билбегендер ушунтип олтуруп акыркы жамандыктын чынжырына чалынбаса экен деген тилек. Баарына да кыргыз элим аман болуп, өлкөбүз тынч болсун. Атка минерлер көзүңөрдү ачкыла. Ар кимди башта-көздү койгулап камаганыңарды токтоткула.  Бир нече кыргыздын чыгаан жигиттери камакта жатат. Өмүрбек Текебаев, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Садыр Жапаровдордун эмне күнөөсү бар? Кыргыздын кыргызга боору ачыбаса анда бизге кимдин боору ачыйт. Бийликтин камын жебей элди ойлойлу” , - деди Америкада үч жылдан бери жашаган Изиля Макеева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости