www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атаандаштардан суурулуп чыгып, олимпиадага катышуу опол-тоодой эрдик. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

--"Биздин спортчулар Каныкей менен Дениске карата өйдө-төмөн сөз айтып жаткандар чоң спорт деген эмне экендигинен караманча түшүнүгү жок түркөйлөр го дейм...

Дүйнөдөгү миңдеген атаандаштардан суурулуп чыгып Токиодогу олимпиадага катышуу укугуна ээ болуунун өзү опол-тоодой эрдик. Олимпияда оюндары 4 жылда бир болуп, "мен барам" дегендин барын эле кошо бербейт. Тандоонун тандоосунан, сыноонун сыноосунан өткөндөр гана ал жерде атсалышат.

Олимпиадага катышкан ар бир спортчу кыргыз спорт тарыхында алтын тамга менен жазылып калуусу абзел. Ал эми жеңишке жетишип медалдарды алгандар - улуттук баатырлар", - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости