www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамурза Бөрүкулов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.
Анын кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
"Урматтуу Сооронбай Шарипович, менин сизге кайрылуумдун себеби, төмөндө айтыла турган маселе бул өтө татаал, келечекте кыргыз элинин башынан өткөн тарыхынын бурмаланып кетишине жана 2010 - жылдагы каргашалуу июнь окуясынын чыгышына кыргыз улуту күнөлүү катары эсептелип калып кете турган дүйнөлүк денгээлдеги маселе болуп жатат. Ансыз деле ошол жылдары бүткүл дүйнө жүзү: "кыргыз эли өлкөдөгү азчылык улутту (өзбек улутун) батырбай, ошонун себебинен чыккан каргаша" деп билишет, тагыраагы урушту биз чыгарган болуп калганбыз. Сиз журт башысыз, сабаттуу адамсыз, эң башкысы түштүктүн кулунусуз. Башкалар билип туруп билгиси келбесе да, сиз баарын билесиз, көргөнсүз, аралашып жүргөнсүз. Түштүк согушу эмнеден чыкканын, кимдер уюштурганын башынан айтыштын кереги деле жок, себеби бүткүл кыргыз эли билет, “в крайнем случае” биз түштүк эли ийне жибине чейин билебиз. Менин айтайын дегеним, 10-июнь күнү “Азаттык” берүүсүндө Отунабаеванын интервьюсун угуп олтуруп, күйбөгөн жерим күл болду. Бир жарым жыл болсо да эл башкарган, экс-президент деген аты бар саясатчы, пайгамбар жаштан өтүп калган аял каратып туруп жалгандарды ышкыртып жатат. Өзүнүн жалгандары менен ошол каргашада күнөөсүз өлгөндөрдүн арбагына, алардын артында калган жетим-жесирлердин бетине түкүргөндөй эле болду.
Албетте, “Азаттык” менен Отунбаева эфирге чыкпай туруп эмне суроо, кандай жооп болорун алдын ала сүйлөшүп алышкан, себеби “Азаттык” да эки жылдан бери элди бөлүп жарган, бирөөлөрдүн заказын аткарган Атамбаевдин, НПОчулардын, Отунбаеванын каналына, болгондо да трайбалист эл бузарлардын каналына айланып калышкан. Булар түштүк каргашасынын он жылдыгында эл сөзсүз түрдө Отунабаева, Атамбаев, Текебаевдерди кошо айтып, каргап шилешин жакшы билишет. Ошон үчүн элди алаксытуу максатында, 10 июнь күнүнө карата жалган интервью даярдап олтурушат. Эгер интервьюну жакшылап угуп маанисин чаккан адамга, Отунбаева дагы деле түштүктөгү кыргыз улутун күнөөгө жыгып жатканы байкалат. Ал айтып жатат: "аз улуттагылардын укугун коргогон концепция кабыл алыш керек" деп. Эмне, бизде өзбек улутундагылардын укугу тепселип жатабы? Өзбек садиктер, өзбек мектептер тыгылып жатат. Өзбек окуу жайлары, өзбек элдик театрлар баары бар го. Өзбек улутунан депутаттар, акимдер, кызматтарда толуп жатат. Өзбек улуту бизге караганда бай жашашат, дагы эмне керек? Отунбаева баш болуп, бетин жуубаган бир талай укук коргоочулары, батыштан акча алып батыштын сөзүн сүйлөгөн НПОчулар ООНдун конференциясына чейин барышып, сепаратист Кадыржан Батыров менен жанаша олтурушуп, ошол эле сепаратистерди, учуна чыккан канкор Азимжан Аскаровдорду колдоп жатышса, кантип күйбөгөн жериң күл болбойт. Өзүңдөн чыккан ушундай эл душмандары, өлкөбүздө кыргыз улуту аз улутту кордоп, укугун тебелеп жатат деп жатышса, башкалар бизди аяп коюшабы?
2010-жылы 10 июндагы тополоңду түштүктүн кыргыздары баштаган эмеспиз да, аны сиз ачык билесиз, анда эмне үчүн биз жебеген самсыга пул төлөшүбүз керек? Эмне үчүн биз кыргыз улуту дүйнө жүзүнө башка улутту кордогон нацист-фашисттер болуп көрүнүшүбүз керек? Эгер эле экс-президент деген макамды алып, айына 100миңдей сом төлөп, биз багып жаткан Отунбаева ачык эле түштүк элин кемсинтип, биздин башыбыздан өткөн тарыхты теңирден тескери кылып бурмалап жатса биздин укукту ким коргойт да, биздин сөздү ким сүйлөйт. Отунбаеванын көп эле элге билинбеген, бирок сезген адамга өтө жийиркеничтүү иштери толуп жатат. Бул аялды Ислам Каримов раматылык: "ичинде шайтаны бар бул катындын" деген. Ал эми сиз болсо муну кээде ээрчитип алып жүрөсүз. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин түбүнө жеткен бул жылаңач бүлүндүргүч сизди аяп коебу?
Менин максатым ушул Отунбаевага окшогон эл бөлгүч трайбалистердин кесепетинен тарых өзгөрүлүп, бара-бара бузулуп жазылып, акырында түштүктөгү тополоңго кыргыз улуту күнөөлүү болуп калбайлы деп мени түйшөлткөн ой. Албетте, Отунбаева, Атамбаев, Текебаевдер үчүн ал окуялар түп тамыры менен тескери жазылыш керек, андай болбогондо булардын аттары тарыхта кара тамгалар менен жазылып калары сөзсүз. Жазылып деле калат бул турган сөз, бирок кимдин убагында: сиздинби, же сизден кийинби? Ошон үчүн сизден суранамын, Отунбаева деген жылаңач эксти, батыштан акча алышып өлкөнүн ичиндеги стабүлдүүлүктүү дайыма бузуп жатышкан НПОчуларды, укук коргоочубуз деген үч төрт шыртаяктарды тыйып же тыйдырып койсоңуз. Отунбаеванын экс макамы алынсын. Бул бир эле менин эмес, жалпы түштүктөгү кыргыз улутунун элинин талабы. Түштүк тополоңу эмне себептен чыккан, кимдерге керек эле, кимдер уюштурган деген суроолорго ачык жооп айтылбаса, акыйкат жашырылса, өлкөнүн иши эч качан алга жылбайт. Себеби жалган бар жерде береке, ырыскы болбойт, муну пайгамбар жаштан өтүп калган сиз билишиңиз керек”,-деп Шамурза Бөрүкулов жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg