www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 10-майында Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын тургуну 58 жаштагы Э.А. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн короосундагы мал сарайынын алдында байланып турган эки баш эки жашар малдарын белгисиз атуулдар тарабынан уурдалгандыгын көрсөткөн. Аталган факты боюнча  Ноокат РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси менен  катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, атайын тергөө тобу түзүлгөн. Катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иштеринин жүрүп жаткан, учурда Ынтымак айыл аймагында “А” аттуу жаран мал уурулук менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшүп, ал атуул Ноокат районунун Ынтымак а/а тургуну 37 жаштагы А.А экендиги такталып, үстүнөн ыкчам иш чаралары жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматтар боюнча ал бир баш жылкы жана бир баш малды таякеси Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну, мал базарларда алып сатуучу болуп иштеген 51 жаштагы Ж.Кга саткандыгы аныкталган. 

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү болуп Ноокат районунун Ынтымак а/а тургуну 1983-ж.т А.А кармалып, КР КЖК нин 200-беренеси менен Ноокат РИИБнин УКЖна киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости