www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Сиздин кесипкөй, турмуштук бай тажырыйбаңыз достук мамиледеги Кытайдын туруктуу өнүгүшүн бекемдөөгө максатталган ийгиликтүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиздин астында Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө өзүнүн бардык күчтөрүн бир арага топтоп, чоң ийгиликтерге жетишти.

Ошону менен бирге Кытай Эл Республикасы коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына маанилүү гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал мурдагыдай эле өтө оор абалда, бирок ага карабастан, жалпы күч-аракеттерибиз менен бул илдетти жеңебиз деп ишенем.

Ак ниет коңшулукка, достукка, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөрүнө жана эки элдин келечеги үчүн бекемделерине терең ынанам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине чоң-чоң ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости