www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Авариялык учурларды эске албаганда, мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл өлкөбүздүн аймактарында электр энергиясы элге үзгүлтүксүз берилүүдө.

Анын себеби 12-январда  энергетика министри Таалайбек Ибраев "Таш-Көмүр" жана "Каскад Токтогул" ГЭСне барган учурда айтылды.

Иш сапардын алкагында министр "Таш-Көмүр", "Каскад Токтогул", "Камбар-Ата-2" "Нарын" ГЭСнин жана "Нарын" СГЭМ, "Гидропроектер" ишканасынын жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө ГЭСги агрегаттардын иштөө абалы, техникалык жагдайлар, транспорт алуу, энергетиктерди турак жай менен камсыз кылуу, 2022-жылдагы аткарылган иштер жана 2023-жылга коюлган пландар боюнча талкуу болду.

ГЭСтин директорлору учурда агрегаттардын режим менен иштеп жатканын, өткөн жылга коюлган иш план боюнча оңдоп-түзөө иштеринин бардыгы аткарылып, учурда мүчүлүштүктөр жок экенин билдиришти. Ага улай ишкананын жетекчилери 2023-жылы калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда ийгиликтүү өтөөрүн жана учурдагы катуу суукта кезметтешүү менен иштеп жатканын билдиришти.

Таалайбек Ибраев алгач аба ырайынын сууктугуна карабай күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан энергетиктерге ыраазычылык билдирүү менен биргеликте тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды койду. Мындан тышкары министрликтин алдыдагы аткара турган иш-аракеттирине токтолду.

"Быйыл "Токтогул" ГЭСге төртүнчү агрегатты ишке киргизгенибиз чоң жетишкендик болду. Себеби, эгерде кыш мезгилинде былтыркыдай 2 агрегат менен иштегенде, учурдагыдай катуу суук маалында кыйналмакпыз. Төртүнчү агрегаттын ишке киришине сиздердин эмгегиңиздер чоң. 2023-жылы энергетика тармагында жакшы жакка өзгөрүүлөр, өсүштөр болот. "Чакан" ГЭСтерди курууну көбөйтөбүз, техникалык жактан камсыздайбыз, мүмкүнчүлүктүн болушунча энергетиктерди турак жай менен камыздоого бел байлайбыз. Ал ийгиликке жетүү үчүн сиздердин да жардамыңыздар керек, жоопкерчиликтүү иштеңиздер. Өзүбүздүн өлкөдө ушунча суу бар туруп, электр энергиясын башка өлкөдөн импорттогонубуз уят! Намыстанып иштешибиз керек" - деди министр Ибраев.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости