www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай компаниясы Орто-Токой суу сактагычына ГЭС курат

Күн мурун, 13-январда Кыргызстандын Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана "China National Heavy Machinery Corporation" (Кытайдын улуттук компаниясы) ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Меморандумга төмөнкүлөр камтылган:

1) Өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, бул Кыргызстандынн энергетика тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;

2) Кубаттуулугу 21 Мвт. түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС (гидроэлектростанция) куруу боюнча кол коюлду.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин баса белгиледи. Ошондой эле министр Орто-Токой суу сактагычында “Чакан” ГЭС курууга энергетика министрлиги кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, кол коюуга энергетика министри Таалайбек Ибраев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Финансы- кредиттик фондунун жетекчиси Жусубали Төрөмаматов, "China National Heavy Machinery Corporation" компаниясынын вице-президенти Женг Хенсонг катышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости