www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аты аталгандар кечээ, 13-январда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында кармалышкан.

"Э.Б.А. жана С.Дж.М. Кыргыз Республикасынын Т.И.А. аттуу жаранына Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жана анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары КР Президенти С.Н.Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Ошол эле учурда Э.Б.А. жана С.Дж.М. мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, Т.И.А. коркута башташкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМК жарандарды алдамчылык жана башка мыйзам бузуулар боюнча маалыматы болсо 0312660475; 0312626504 телефону аркылуу нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости