www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кыргызстандыктарды Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады.

"Бүгүн биз өлкө турмушундагы маанилүү майрамдардын бирин белгилеп жатабыз. 1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекетик герби бекитилген. Алтын шоола улуу Күн, акмөӊгүлүү Ала-Тоо, көйкөлүп жаткан Ысык-Көл, канат каккан Ак шумкар чагылдырылган.

Мамлекеттик герб – эгемен Кыргыз Республикасынын башкы символдорунун бири.

Ал ушунча жылдардан берки жаралган бардык жакшы жактарыбыздын баарын жакындан коштоп келет. Буюрса, Кыргызстандын эгемендиги кошо жаралган Мамлекеттик гербине, мындайча айканда, башкы энтамгасына келерки жылы 30 болот. Мына ушул жылдар аралыгында да Кыргызстандын жакшылык-жамандыгы менен бирге болуп, жетишкен ийгиликтерин ар дайыма коштоп келди.

Мамлекеттик башкы символдорубуз өнүгүп-өсүүнүн, кайра жаралуунун жышааны экенин тана албайбыз. Мамлекеттик энтамгада өтөлгөлүү өмүр, жарык дүйнө, учкул кыялдарыбыз толугу менен көркөм чагылдырылган.

Биз Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки эки-үч муундун өмүрүнө таандык мезгил аралыгында ушул символдор менен бирге жашап, бирге туруп келебиз. Бүгүнкү күнү кыргыз журтун жалпы дүйнөгө тааныткан, түндүгүнөн улуу күндүн алтын нуру куюлган Мамлекеттик гербибизди жүздөн ашуун өлкө тааныйт. Ал аркылуу биз жүздөгөн элдерге таанымал болдук.

Сиздерди дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби менен куттуктайм. Сиздерге бейпил, бакубат жашоо, ишиңерде ийгилик каалайм!", - деди Касмамбетов.

Последние новости