www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө банктын жанынан 1993-жылы туулган А.Н. жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдардын тобу сабап өлтүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү 1995-жылы туулган Н.М. аттуу дагы бир жаран бычактан жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милициядан белгилешкендей, бүгүн, 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүүгө аракеттенип жаткан жеринен издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалды.

Учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости