www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы 9-майдагы Жеңиш парадына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чакырылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Бирок Рахмондун маалымат кызматынын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзода президенттин Москвага барары азырынча белгисиз экенин, 9-майда Душанбедеги Жеңиш паркындагы Өчпөс оттун жанында гүл коюу иш-чарасына катышуусу пландалганын айткан.

Тажикстандын президентин Россиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдө чакырган.

Белгилей кетсек, Москвага 8-майда расмий сапары менен бара турган өлкө башчы Садыр Жапаров дагы парадга катышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости