www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Гейлер Байсаловго рахмат айтышат

Байсалов НПОну жетектеп жүргөндө гейлерди колдоп жүргөнү ырас. Азыр да мамлекеттик кызматкердин эмес саясатчынын ордун ээлегенсип олурая карап, желпинип отурат. Ага саясатчы болбой мамлекеттик кызматкер болушун каалагандар көп, бирок алардын айтканын чымын чаккандай да көрбөйт. Эл өкүлдөрү ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар боюнча маалымат укту. Алар 884 миң доллар грант бөлүштүрүүдө ЛГБТга бөлүнгөнүнө нааразы болушту. Эдил Байсалов бул тармакты көзөмөлдөбөй турганын, Глобалдык фонддон бөлүнгөн 29 миллион доллар грант кандай бөлүштүрүлөөрүн билбей турганын билдирди. Кантип билбесин социалдык тармактарды жетектеген Минкабдын төрагасынын орунбасары  болгондуктан билүүгө милдеттүү.  

Байыркы Грецияда Зевс баш болуп ар нерсенин кудайы болгон. Ушундай эсептегенде Соросту  чыр-чатактын «кудайы» деп койсок эч жаңылышпайбыз. Эдил Байсалов башында турган Бейөкмөт уюмдар (НПО) саясий каржылоочулардын кызыкчылыгы үчүн иштегендер. Алар демөөрчүлөр көрсөткөн күн тартибинде гана ишти алып барышат. Кайсы убак болсо ал-ахыбалды ого бетер курчутуу НПОлордун милдети, азыркы учурда Кемпир-Абад үчүн НПО жанын таштап жатат. Андан мурун Тажикстанга абал боюнча да НПОнун түздөн-түз тиешеси бар. Кайсы мамлекетте революция болсо, ошол жерде фонд Соростун аты аталган. Бул боюнча иликтөөлөр чет жакта иликтенип жазылган. Анда биздин мамлекет Кыргызстан да аталган. Алар алгачкы президент Аскар Акаев Сороско 3-даражадагы “Манас” орден такканын, андан кийин революция болуп кетип, Акаевдин качканын, ошондон бери Кыргызстанда төңкөрүш, баш аламандыктар токтобой келатканын,  Сорос фонду ал жерде өзүн жакшы сезгенин жазышкан.

Жапаров жарлык чыгарып “НПОчуларга” жаккан эмес. Жапаров Кыргызстанда 17 миң өкмөттүк эмес уюм бар экендигин билдирип, алардын алып барган иши тууралуу ачык айтып, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга 2021-жылы кол койгон. «Бизде саясий коопсуздук жараткан маселелерди бейөкмөт уюмдар колдойт, аларды  ушул чөйрөдөн көрө алабыз. Мамлекеттүүлүккө жана саясий коопсуздукка зыян алып келе турган бейөкмөт уюмдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт!»,- деген президент Садыр Жапаров. Президенттин мындай пикири, жарлыгы “НПОчуларга” жакпай, чуу жараткан. Алсак, Азиза Абдырасулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков, Төлөйкан Исмаилова, Токтайым Үмөталиева, Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар.

2021-жылы жайында “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо борбору 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуунун бир жылдыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Азимжан Аскаровду өлгөндөн кийин актап берүүнү суранган. Ал абакта отуруп калганда, укук коргоочу-НПОчулар ал ак экендигин айтып, жаңжалга кыргыздар күнөөлүү экендигин айтышып, Аскаровду бошотууга далалат жасашкан. Азыркыга чейин актоого аракетин жасап жүрүшөт. Мына, ушундан эле алардын жүзүн көрсө болот. Акча үчүн бардыгына барары, батыштан алган каражатты акташы керектигин көрсөтүп эле коюшту. Аны баамдаган президент Садыр Жапаров алардын отчет бериши тууралуу мыйзамга кол койду да. 

Садыр Жапаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен болгон жолугушууда андан анын өлкөсүндө бейөкмөт уюмдар мамлекеттик каржы тууралуу отчөт берип турган мыйзам барбы деп сураганда, ал "бар" деп жооп берген. "Эмнеге сиздерде отчетту ачык берип турушат, ал эми бизде андай болбошу керек? Мен ушул эле суроону Дональд Луга, Американын Кыргызстандагы элчисине да бергем. Ал да жооп бере алган эмес. Биз дагы каржы кайдан келип жатканын көргүбүз келет. Бул кылмыш эмес да. Миллиард доллардан ала берсин, биз ага кубанычта гана болобуз. Бирок ал акчалар кайда кетип жатканын көргөзүшү керек. Мыйзамда ушул нерсе эле жазылган. Мындан кыйкым издөөнүн кажети жок", — деп кесе айткан президент Садыр Жапаров. Бул америкалык уюм постсоветтик өлкөлөрдө 90-жылдагы жалпы башаламандык мезгилде, "балык кармоого" абдан ыңгайлуу учурда пайда болгон. Ал учурдагы адамдар бул "меценаттын" жакшы ниетине ишенишкен. Кийинчээрек анын сыры ачыкка чыгып, нак жүзү көрүнүп олтурат. Кыскасы, көшөгө артындагы дүйнөдөгү эң күчтүү оюнчулардын бири, таасирдүү инвестор Фонд Сорос экени белгилүү.

Эгемендүүлүк менен кошо келген фонд 30 жылдан бери жумшак да, катуу да линиясын пайдаланып келатат. Жумшак дегенибиз, алар ар кандай гранттарды бөлүп берип, финансы жагынан элди каржыламыш болуп, кандайдыр бир саясатты жүргүзүүнү максаттап акча бөлөт. Катуу дегенибиз, Кыргызстанга «түстүү революцияларды» кылып туруу. Алар ыңкылапты өздөрү эмес, батыштык бейөкмөт уюмдар жана грант бөлүп, «десант» кылып даярдаган журналисттер аркылуу жасайт. Анда эмесе, сөз башынан болсун!
"Түстүү революцияларды" уюштуруп турган коркунучтуу адам ким өзү? Ал дүйнөгө белгилүү мультимиллионер, филантроп, авантюрист - Жорж Сорос (George Soros). Ал демократия, ачык коом куруу идеялык долбоорлоруна миллиондогон каражат бөлүп келаткан, тынчтыкты каалабаган адам. Бул адам 2014-жылы Кыргызстанга келген. Анда ага каршы уюштурулган митинг Бишкектеги АКШнын элчилигининин алдында болуп өткөн. "АКШ Кыргызстандан колунду тарт!” деген плакаттарды көтөргөн бир нече адам «Сорос «түстүү революцияларды» тымызын каржылап жүрөт» деп айыптап, анын ишмердиги Кыргызстанга зыян алып келээрин баса белгилешкен. Алардын айтканын четке кагып, аны актап НПОчулар чыга калган. "Сорос" фонду бардык жакта бир убакта пайда болгон. Адегенде тарых китептерин чыгарууга каражат бөлгөн. Анда эмне деп жазылган? Ар бир өлкө артта калганын, эми алар кандай жардам берери айтылган. Кийин фонд гранттык долбоорлорду ачкан. Эмнеге? Бул менен алар акылдуу жаштарды өзүнө тартууну максат кылган. Семинар жана изилдөөлөр үчүн аларды тартып, ал эми эл өз мамлекеттери жөнүндө чалгындоо маалыматтарын берип жатышканын элес алышкан эмес. Аны изилдеген жан болбогон, анткени 1990-жылдары бардык жакта башаламандык өкүм сүргөн. Ар кандай грант, сынак, семинар, изилдөө, иликтөө үчүн массалык-маалымат каражаттарына финансыны өтө жакшы бөлүп, аларды өздөрүнө тартып, өз мамлекеттери жөнүндө чалгындоо маалыматтарды алып турушат.  «Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарына журналистика мектебине кабыл алууну баштаган

Журналисттик иликтөөлөр фонду да иликтөөчү журналисттер, медиа тармагында иш алып барган уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана башка кызыктар адамдар үчүн чакан грант алууга сынак жарыялап турат.  Мына ушундай жол менен «десант» журналисттер даярдалат. Алар  аркылуу чалгындоо маалыматтар алып, Кыргызстанды ачык китептей эле окуп турушат.  «Десант» журналисттер эле эмес, илимпоздорду да колго алышкан. Окумуштуулар илимий иштерин жарыялоо үчүн 500 доллардай акы төлөшү керек. Бирок кептин баары ири көлөмүнө карабай эч бир тыйын коротпостон Батыш дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кыл маалыматтарды аларында Батыштагылар биздин жана башка өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө кабардар болушат. Маңызында, бул илимий тыңчылык (шпионаж). Мындан сырткары, ар кандай фонддордон грант алган "НПОчулар" (өкмөттүк эмес уюмдагылар) да болгон отчетторду жазып беришет. Биз муну менен экономикабызды гана эмес, илимди да, башка көптөгөн тармактарды да бүлүндүрүп жатабыз. Мына, баам салып көрсөңүз, Эл аралык валюта фонду да, Дүйнөлүк банк да өндүрүштү өнүктүрүүгө, кайсы бир завод же фабриканын курулушуна эч качан акча бербейт. Гранттар реформалоого гана бөлүнөт. Өздөрү "биз силерге үйрөтүп жатабыз, дүйнөлүк стандартка шайкеш келүү үчүн силер реформаланууга тийишсиңер" дешет. Ал эми биз тил алчаактыкка салып министрлик, мекеме жана дагы башкасын жылына эки сапар реформалап жатып калабыз. Тагыраак айтканда, Кыргызстанга канча акча агылганы менен экономиканын реалдуу секторуна каражат салынбайт, салынган да эмес.

Сорос фонду дүйнө жүзү боюнча жарандык укуктар боюнча долбоорлорду колдогонунун түпкү максатын билип калган бир топ мамлекеттер бул фонддон баш тартып, сындап, каалгасын жаап коюшкан. Сороско эшигин ачкан биринчи Өзбекстан мамлекети болгон. Кийин, 2004-жылы, баш тарткан. Андагы президент Ислам Каримов Сорос фондунун Өзбекстандагы ишмердүүлүгү мамлекеттин мыйзамдарына карама-каршы келээрин, бир катар одоно мыйзам бузууларга жол бергенин, айрым долбоорлору улуттар аралык маселелердин курчушуна себеп болгонун билдирген. Ал эми Венгрия өлкөсүнүн өкмөтү фондго «чет элдик агент» деген жарлык тагып, Соросту өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсү, оппозицияны колдоо жана Европага миграция агымын кубаттоосу үчүн жооптуу экендигин билдирген.

Бул уюм Беларустан жана Орусиядан да чыгарылды. Алыс кетпей, жакында эле Украинада болгон революцияны мисалга алсак болот. АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык программаларын каржылоого Сорос фонду өңдүү уюмдар жардам берген. Түркия мамлекети да фонддон баш тарткан. Түрк маалымат каражаттары 2013-жылдагы Стамбулдагы нааразылык акцияларынын артында Сорос фонду турганын байма-бай жазып чыгышкан. Ал эми президент Эрдоган америкалык филантроп Соросту “мамлекеттер ортосунда ынтымакты ыдыратууга аракет кылып жатат” деп, 2016-жылы июлда Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында Гүлен турат. «Гүлен деген киши Соростун Түркиядагы филиалы!” деген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

  •  

Последние новости