www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү коронавирус инфекциясын жеңгенин жарыялады.

"Азыр Тажикстанда коронавирус жок, биз аны толугу менен жок кылдык" деди ал.

Ошол эле учурда, мамлекет башчы элдер коопсуздук чараларын мындан ары да сакташы керектигин эскертти. Анын айтымында, Тажикстан өкмөтү 2020-жылы саламаттыкты сактоо тутумун колдоо үчүн кошумча 1,6 миллиард сомони (145 миллион доллардан ашык) бөлүп, өлкөдөгү 30га жакын жаңы ооруканалар токтоосуз пайдаланууга берилген.

Рахмон ошондой эле жугуштуу ооруга чалдыккан бейтаптар үчүн 7000ден ашуун жаңы ооруканалык керебеттер орнотулгандыгын кошумчалады.  Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Тажикстанда 15 күндөн бери коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости