www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канада дүйнөдөгү эң билимдүү өлкө. Канаданын калкынын теңинен көбү орто же жогорку билимге ээ. Бул өлкөнүн жогорку окуу жайларынан бүткөн бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде жогору бааланат.
Канада жөнүндө кызыктуу фактылар:
1.Өлкө аталышынын келип чыгышы.
Француз изилдөөчүсү Жак Картье жаңы жерге келгенде, жергиликтүү жашоочулар аны канатага (kanata) чакырган, ал сөз айыл дегенди билдирген. Изилдөөчүлөр аны өлкөнүн аталышы экен деп кийинчирээк kanata сөзү Canada өзгөрүп кеткен.
2.Канада желеги Официалдуу эмес түрдө аны клён жалбырагы (the Maple Leaf) жана французча аталышы "бир жалбырактуу" (l’Unifolié), биринчи жолу 1965-жылдын 15-февралында официалдуу желек сыяктуу пайда болуп, өлкөнүн түптөлүшүнөн (1867-жыл) 100 жыл өткөндөн кийин пайда болгон. Ошол күндөн тарта жыл сайын 15-февралда Канадада Улуттук желек күнү белгиленет.
3.Канада мамлекети дүйнөдөгү эң билимдүү өлкө: жарандарынын жарымынан көбү жогорку билимдүү.
4.Канадада көлдөр абдан көп, башка өлкөлөрдүн барын кошуп туруп көлдөрүн салыштырса да Канаданыкына жетпейт. Бир гана Онтарио провинциясында 250000 көл бар. Бул өлкөнүн көлдөрү дүйнөлүк таза суу запастарынын 5тен бир бөлүгүн камтыйт.
5.Америкалыктар Канада өлкөсүнө 2 жолу кол салган (1775-жыл, 1812-жыл) жана эки жолу жеңилип калышкан.
6.Канаданын түндүк-батыш аймактарындагы авто унаа номерлери ак аюнун формасында (Canadian Northwest Territories)
7.Канаданы хоккейдин мекени дешет. Биринчи хоккей командасы Канадада 1904-жылы түзүлгөн. Дүйнөгө атагы чыккан хоккей залы (Hockey Hall of Fame) Торонтодо жайгашып, Атактуу Стенли кубогу дал ушул жактагы музейде жайгашкан.
8.Жер шарынын башка бөлүктөрүнө караганда Канаданын көпчүлүк аймактарында жер тартылышы аз. Бул феномен 1960-жылдары ачылган. Баклим ошондон улам Канаданын дарактары бийик болсо керек?
9.Канадалык полиция жакшы нерсе жасаган адамдга оң таасирдеги билет жазып бере алат.
10.Нефть запастары боюнча Канада республикасы Сауд Аравия жана Венесуэлладан кийин 3чү орунду ээлейт.
11.Канадада рак оорусу менен оруган аялдарга акысыз тазалап-жыйноо жумуштары жасалып берилет (Cleaning for a Reason).
12.Аврил Лавин, Киану Ривз, Джим Керри, Селин Дион, Памела Андерсон, Леонард Коен - булардын барысы Канадалыктар.
Канаданын жыгачы менен кагазы дүйнөгө белгилүү. Анын токойлорунда сейрек учуроочу бак-дарактар көп. Андан үлпүлдөгөн көгүш түстүү ак карагайды, майда жалбырактуу чоң дарак - кант зараңын да кезиктирүүгө да болот. Бул жерде кызыл зараң да өсөт, күзүндө анын жалбырактары кыпкызыл түскө боёлуп, жалындап күйгөн шамга окшоп калат. Канаданын мамлекеттик желегинде да зараңдын жалбырагынын сүрөтү тартылган.
Булак: NazarNews.kg