www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эндик өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз жыйноо, сатууга жана экспорттоого даярдоо фактылары катталганына байланыштуу эскертүү таратты.
Министрликтин маалыматына караганда, өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарына кирген айрым өсүмдүктөргө Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы токтому менен убактылуу мораторий киргизилген.
Ага ылайык, эндик жана башка көрсөтүлгөн өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга, сатууга жана экспорттоого тыюу салынат. Ошондой эле жапайы өскөн дары-дармектик, техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьёсун даярдоого жол берилбейт.
Мораторий жайылган өсүмдүктөрдүн катарына эндик (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk.), ясенец (Dictamnus L.), аконит (Aconitum L.), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch.), родиола (Rhodiola L.), самарканд өлбөс гүлү (Helichrysum maracandicum), ошондой эле Lindelofia уруусуна кирген бир нече өсүмдүк түрү кирет.
Мораторий 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.