www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунда жаңы оорукана жана мектеп куруу маселеси көтөрүлдү.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

29-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана парламент депутаттары менен биргеликте райондогу бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты.

Алар Беловодское айылындагы Жалпы медициналык практика борборуна барып, имараттын абалын, инфраструктурасын жана жабдууларын көрүштү. Борбордун негизги имараты 1970-жылы курулган. Стационардык бөлүмү 171 орунга ылайыкталган. Учурда мекеме 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 медициналык-акушердик пунктту тейлейт.

Таанышуунун жүрүшүндө 100 орундуу жаңы оорукана куруу зарылдыгы белгиленди. Адылбек Касымалиев республика боюнча 42 оорукана үчүн жаңы имараттар куруларын айтып, Чүй облусунун бардык райондорунда да жаңы ооруканаларды куруу пландалып жатканын билдирди. Москва районунда 100 орундуу жаңы оорукана салынары белгиленди.

Мындан тышкары, делегация К. Сыданов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин абалы менен таанышты.

Мектептин негизги имараты 1970-жылы 220 окуучуга ылайыкталып курулган. Учурда анда 590 бала билим алат. Башталгыч мектептин 1969-жылы 200 орунга курулган имаратында азыр 460 окуучу окуйт.

Имарат стандарттуу эмес долбоор менен курулуп, мурда бала бакча катары пайдаланылган. Мектепте окуу класстары жетишсиз, спорттук жана жыйындар залы, ошондой эле китепкана жок.

Окуучулардын саны мектептин долбоордук сыйымдуулугунан бир топ ашып кеткендиктен, жаңы мектеп куруу зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга Москва районунда жаңы оорукана жана мектеп куруу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Последние новости