www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келдибек Бакиров Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
29-сентябрда жаңы жетекчи колледждин эмгек жамаатына тааныштырылды. Аны агенттиктин директорунун орун басары Мирбек Монолов тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди жана ата мекендик спортту өнүктүрүүгө салым кошуусун каалады.
Келдибек Бакиров Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин 2017-жылы «машыктыруучу-окутуучу» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2017-жылы Ысык-Көл облусунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп баштаган.
Ар кайсы жылдары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында, «Тайманбас» спорт мектебинде жана «Жаштык» дирекциясында ар кандай кызматтарды аркалаган. 2025–2026-жылдары «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.
2026-жылдын март айынан тартып «Жаштык» дирекциясынын директору кызматын аркалап келген.