www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен бирге Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жайгашкан Майлуу-Суу индустриалдык паркына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңштин басма сөз кызматы билдирди.

Анда эл өкүлү индустриалдык парктагы ишканалардын учурдагы абалы, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана алдыдагы пландары менен таанышты.

Ошондой эле өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланып, ишти жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан көйгөйлөрдү чечүү багытындагы сунуш-пикирлер каралды.

Депутат Талант Мамытов индустриалдык парктагы ишканалардын туруктуу иштеши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, айтылган муктаждыктар боюнча керектүү колдоо көрсөтүүгө аракет жасай турганын кошумчалады.

Последние новости