www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте шаарында автобустар үчүн атайын тилкелер бардык чоң көчөлөрдө болот. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорт жолдо артыкчылыкка ээ болуп, тыгындарда турбашы керек.
“Биздин концепцияга ылайык, автобустар үчүн өзүнчө тилкелер шаардын дээрлик бардык көчөлөрүнө бөлүп берилет. Коомдук транспорт ушундай иштеши шарт. Ошондо гана айдоочулар автобуска өтүшү мүмкүн”, — деп белгиледи Алиев.
Бишкек бийлиги тыгындарды жоюу боюнча 2030-жылга чейинки концепцияны ишке ашырууда. Бул чаралардын катарына жолдордун тар тилкелерин кеңейтүү, автобус тилкелерин өнүктүрүү, “акылдуу” светофорлорду киргизүү жана жол өтмөктөрүн куруу кирет.