www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда улуу ойчул жана окумуштуу Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрүнө жана илимий мурасына арналган туруктуу экспозиция ачылат.
Экспозициянын негизги бөлүгү XI кылымда жазылган «Дивану лугат ат-түрк» эмгегине арналат.
Анда түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, этнографиясы, салт-санаасы жана оозеки чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар камтылган.
Махмуд Кашгаринин мурасы жазма булактар, дүйнө картасы, археологиялык табылгалар жана заманбап мультимедиалык материалдар аркылуу көрсөтүлөт.
Ошондой эле Өзгөн музейинин фонддорунда сакталган Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар коюлат.
Экспозициянын ачылышы Барскан аймагынын тарыхый-маданий маанисин кеңири таанытууга жана «Дивану лугат ат-түрк» эмгегинин түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөөдөгү ордун көрсөтүүгө багытталган.