www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Энергетика жана суу чарба министрлиги Кыргызстанга электр энергиясын берип жатат деген маалымат каражаттарындагы маалыматты четке какты. Ал тургай Тажикстан кыргыз тарап Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону сунуштаган да эмес. 

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары, октябрь окуясынан кийин башына чымчык чычып, оомат келген энергетика министри Доскул Бекмурзаевге шилтеме берүү менен Тажикстан Кыргызстанга 1-октябрдан тарта электр энергиясын бере баштаганын жазып чыгышкан. 

Анда Доскеңер: «Коңшу өлкөлөргө ыраазычылык билдиришибиз керек. Тажикстандык кесиптештер бизге кайрылышып электр энергия берели дегенден кийин макулдугубузду бердик. Бүгүндөн баштап түштүк аймактарга Тажикстандан электр энергиясы бериле баштады. Сатып алабыз», — деп билдирген министр. 

Жыйынтыгында Тажикстандын Энергетика жана суу чарба министрлиги Кыргызстанга электр энергиясын берип жатат деген маалыматты четке какты.
Министр Доскул мырза дагы кызыктай инсан экен. Анчалык болду тажиктерге «ман туя хуб мебанам», деп тамаша иретинде кат жөнөтүп койсо болот эле. 
Кыргызстандагы кадр тандоо маселеси деги оң жолго түшпөй койду аттиң...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости