www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл суук эрте түшөт, кыш оор болот деген божомолдор айтылып жатат. Азыртадан эле күздүн суугу байкала баштады. Тез эле кылычын сүйрөп кыш келет. Тилекке каршы, элди эмитеден эле улам-улам жарыктын өчүрүлүп жатышы, электр энергиясынын тартыштыгы санаага салууда. Анткени энергия тармагы дагы деле — чоң кризистин чордонунда. Министр Таалайбек Ибраевдин жетекчилигиндеги Энергетика министрлиги бул көйгөйдү чечмек турсун, күн сайын андан ары татаалдаштырып жаткандай.

Таалайбек Ибраев 2021-жылы Энергетика министри болуп келгенде, коомчулук "бул тармакты иретке келтирет" деп үмүттөнгөн. Министр өзү да ишенимдүү түрдө "эки жылдан кийин энергетикада көйгөй болбойт" дегендей мыңкылдаган. Бирок убада суу кечкен жок.

Учурда коомчулукта электр энергиясынын жетишсиздигине майнинг фермалар себеп болуп жатабы деген суроо көтөрүлүп келет. Министрлик бул суроого так жооп бербей, кыйгап өтүп, ачык-айкын маалымат берилбей, коомдо бүдөмүк күдүк күч. Майнинг фирмаларынын артында ким турат, канча энергия сарпташат деген суроолор жоопсуз. Ал эми жарандарга болсо куру упчунун эмизгендей жарыкты үнөмдө деген кеңештен башка жарытылуу пайда жок. Эгер алдыдагы шайлоодо, так добуш берген күнү, анын жыйынтыгы чыгып жаткан учурда жарык өчсө, Ибраев бийликке болгон элдин ишенимин жалп өчкөн светтей караңгы кылаар бекен? Бул ойлончу маселе...

Энергетика министри — өтө жоопкерчиликтүү кызмат. Бул орунда турган адам, өзгөчө азыркыдай оор шартта, ар бир кадамын элге түшүндүрө билиши керек. Министр Ибраевдин ишмердүүлүгү бүгүнкү күнү элди кризистен алып чыга турган лидердин деңгээлин көрсөтө алган жок. Тескерисинче, анын убадалары коомдук ишенимге шек келтирип, энергетика тармагындагы башкаруунун алсыз экенин дагы бир жолу далилдеди. 

Последние новости