www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази бин Сулайман бин Хаким менен жолугушту.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана энергетикалык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле сауд компанияларынын генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу жана модернизациялоо, энергияны топтоо системаларын киргизүү жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлорго катышуусун карашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 2026-жылдын 11–15-октябрында Эр-Рияд шаарында өтө турган 25-Дүйнөлүк энергетикалык конгресске катышуу мүмкүнчүлүгү сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыкты улантып, конкреттүү инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга макулдашты.

Последние новости