www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда Мамлекеттик Думаны кайрадан Вячеслав Володин жетектеди. Мамдумага өткөн бардык партиялардын жетекчилери РФ парламентинин төмөнкү палатасынын спикерлигине анын талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путиндин фракция башчылары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
«Мен кийинки чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын төрагалык кызматы Володин Вячеслав Викторовичтин талапкерлигин көрсөтүү демилгесин толугу менен колдойм», — деди Владимир Путин.
Вячеслав Володин жооп ирети мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди: «Биздин орусиялык демократиянын өнүгүшүнө шарт түзүп жатканыңыз үчүн сизге ыраазычылык сөздөрүмдү айткым келет. Салыштыра турган нерсе бар. Анткени, Европа тууралуу айтканыбызда, бизде эркиндик да, тандоо мүмкүнчүлүктөрү да алда канча көп экендиги айдан ачык».
Эскерте кетсек, Мамдума депутаттарын үч күндүк шайлоо 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин өттү. Анда күтүлгөндөй эле «Единая Россия» жеңишке жетти. Андан кийин КПРФ, ЛДПР, «Новые люди» жана «Справедливая Россия» турат.«Яблоко» саясий уюму парламентке талапкерлигин коюу укугунан ажыратылган