www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинадагы жаңжал Вашингтондун айтымында, 2022-жылдын аягына чейин созулушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Телеканал Кошмо Штаттар Орусиянын аскердик атайын операциясынын убактысына карата баасын өзгөрткөнүн белгилейт - мурда Вашингтон ал кыска убакытта бүтөт деп күткөн.

22-мартта Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков атайын операция алдын ала түзүлгөн пландарга жана милдеттерге ылайык жакшы өтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, башынан эле эч ким бир-эки күн талап кылынат деп күткөн эмес.

Песковдун сөзүн Орусиянын президенти Владимир Путин да тастыктап, атайын операция "катуу графикке ылайык жүрүп жатканын" билдирди.

Ошол эле учурда Кремль Донбассты коргоо боюнча атайын операциянын соңуна чыгуу мөөнөтүн жарыялаган жок. Ал өз убагында жана толук бүткөрүлөт, деп баса белгиледи Песков.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости