www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 6-мартта билдирүү таратып, "дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпоого чакырды:

“Урматтуу кыргызстандыктар жана ММКнын өкүлдөрү!

Сиздерден сураныч. Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. “Интернеттен алдык” деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса “сөз эркиндигин ооздуктап жатат” деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар”,- деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-марттагы чечими менен жергиликтүү Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости