www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, телефондогу сүйлөшүүдө Орусиянын Украинага кол салуусу каралып, Түркия - Орусия карым-катнаштарына баа берилген.

Президент Эрдоган, Украина маселесинин тез арада тынчтык жолдор менен чечилишине салым кошууга даяр экендигин кошумчалаган.

Тез арада жалпы ок атышпоону аймактагы гуманитардык тынчсызданууларды басаңдатуу менен гана чектелбестен, саясий чечүүчү жол издөөгө да мүмкүнчүлүк берерин белгилеген Түркиянын башчысы: "Тынчтыктын жолун бирге ачалы", - деп сүйлөшүүсүн жыйынтыктаган.

Ошондой эле, Украина тарап башка өлкөлөр менен тынымсыз байланышта экенин билдирген Эрдоган, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жыйынтыктарга жетишүү үчүн аракетин уланта турганын айткан.

Белгилей кетсек, Орусия менен Түркиянын президенти кечээ, 6-мартта телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы абалды талкуулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости