www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда өлкөнүн акыркы 40 жылдан бери күчүндө болгон Конституциясын өзгөртүү маселеси күн тартибинде. Кечээ, 1-сентябрда өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын Жогорку сотунда сүйлөгөн сөзүндө ушул темага токтолду.
Эрдогандын айтымында, Түркиядагы дээрлик бардык Конституциялар өзгөчө мезгилдин продуктулары. Бул көптөн бери талкууланып келе жаткан көйгөй экенин билдирген президент азыркы Конституция 1980-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин даярдалып, күчүнө киргенин эске салды.
"Мурунку өкмөттөр жана биз 1982-жылкы Конституцияга көптөгөн фундаменталдуу өзгөртүүлөрдү киргизгенибиз менен, колубуздагы материалдын төңкөрүш доорунун продуктусу экенин тана албайбыз. Ушул себептен улам биз саясий партияларды жаңы Конституцияны даярдоого бир нече жолу чакырганбыз. Кээде алсыз болсо да бул багытта Ассамблеянын ичинде кээ бир кадамдар ташталды. Башка саясий партиялар менен тил табыша албагандыктан Ассамблеядагы аракеттерибизден жыйынтык чыккан жок. Ошого карабастан биз кыймылыбызды уланта бердик", - деди президент Эрдоган.
Президент Эрдоган:
"Президенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин жаңы кадам таштадык.
Мамлекет башчы өткөн жылы анын жетекчилиги астында "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы саясий партияларды өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алууга чакырып, сүйлөшүүлөргө негиз болгон долбоорду даярдаганын айтты. Бирок бул аракеттер, кайрылуулар жоопсуз калып, башка партиялардан Конституциянын так долбоору түшкөн эмес.
Биз өлкөбүзгө адам укуктарына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделген жаңы жарандык, демократиялык жана эркин Конституцияны алып келе алган жокпуз. Бирок биз үмүтүбүздү үзгөн жокпуз, жоготуп да жаткан жокпуз. Саясий чөйрө мындай кадамга ылайыктуу болгондон кийин жаңы Конституциянын үстүнөн иштей баштайбыз деп ишенебиз", - деди президент.
Түркияда өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү бир нече жылдан бери чоң талкуу жана карама-каршылыктарды жаратып келет. Жаңы Конституциянын демилгечиси, долбоордун автору – Эрдоган жана анын күчтүү “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы. Экинчи жагынан өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү Эрдоган айткандай төңкөрүштүн татаалдашуусунан баш тартпай, өлкөнүн азыркы лидерин кайра шайлоо мүмкүнчүлүгү катары каралууда.
Ражаб Тайип Эрдоган бийликке 2003-жылы келген. Ал өлкөнүн премьер-министри болуп “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынан шайланган. Ал кезде өлкөнү премьер-министр жетектеп турган. 2014-жылы Эрдоган президенттик кызматка киришкен. 2018-жылы премьер-министрдин кызматы жоюлуп, республиканы башкаруу толугу менен президенттин колуна өткөн.
Түркиянын азыркы Конституциясына ылайык, президент эки жолу 5 жылдык мөөнөткө шайлана алат. Эрдоган 2014 жана 2018-жылдары өткөн президенттик шайлоодо талапкер болуп (мөөнөтүнөн мурда) жеңишке жетишкен. Азыркы Конституция боюнча анын кайра шайланууга укугу жок. Түркиянын кезектеги президенттик шайлоосу 2023-жылдын 18-июнунда өткөрүлөт.
Оппозициялык эмес саясатчылардын айтымында, Түркияда башкаруу формасы "президенттик башкарууга" өткөндүктөн, Эрдоган кайрадан шайлоого катышууга укуктуу жана бул мөөнөт анын экинчи мөөнөтү катары бааланышы керек.
Булак: NazarNews.kg