www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университеттин ректору коллективиндеги өзүнө жакпагандарды мыйзамсыз жумуштан кетирип жатат. Бул тууралуу журналист Сайрагүл Дуулатова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, Чыныбаев кызмат ордун сактап калуу үчүн Жогорку Сотко акча берүү ниетинде акча чогулткан.

"Жогорку окуу жайларында жемкорлук күчүндө экенине кафедра башчысы Орозалиев Туратбектин маеги далил болот. Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университеттин ректорунун мыйзамсыз жоруктары тууралуу кептер көп. Кызмат ордун сактап калуу үчүн Жогорку Сотко акча берүү ниетинде акча чогултуптур. Буга кошо коллективиндеги өзүнө жакпагандарды мыйзамсыз жумуштан кетирип жатыптыр. Ошондо бул Мирлан Чыныбаев деген эрке ректорду тескеген орган жокбу? Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө иле береби?", - деп суроо салган Дуулатова.

Эске салсак, буга чейин "Ректор Алтай Бөрүбаев араккор болсо, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев паракорбу?" деген аталыштагы макала жарык көргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости