www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен газдын баасы жана газ сатып алууда арзандатуу үмүтү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Bloomberg" жазып чыкты.
«Путин менен газдын баасын талкууладым, арзандатуу болот деп үмүттөнөм», - деди түрк лидери.
Эрдоган кошумчалагандай, келе жаткан кыш Европа үчүн учурдагы энергетикалык кырдаалга байланыштуу жеңил болбойт жана ал ири каржылык чыгымдарга туш болот.
Буга чейин Эрдоган Шанхай Кызматташтык Уюмунун Самаркандда өтө турган саммити учурунда Путинден Орусиянын айыл чарба продукцияларын «дан коридору» аркылуу жеткирип баштоону сурангысы келип жатканы белгилүү болгон. Түркиянын президенти эгер мындай жеткирүүлөр башталса, «товарларды, анын ичинде Африканын эң жакыр өлкөлөрүнө бөлүштүрүүнүн оптималдуу системасы түзүлөт» деп ишендирди.
Эске салсак, 7-сентябрда Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун сессиясында Путин Орусия дан келишими Европадагы эмес, дүйнөлүк рыноктордогу кырдаалды жакшыртууга багытталган деген бекем позицияда экенин айткан.
«Биз бул келишимди түзүү үчүн бардыгын жасадык, биз аларды аткарабыз. Биз бардыгын камсыз кылабыз. Көрсө, алар дагы эл айткандай орой «түкүрүшкөн». Алар алдады. Бир эле биз эмес, эң жакыр өлкөлөр да макулдашууга шылтоолоп жатышат», - деди Путин.
Ал Эрдоган менен Украинадан Европага эгин жана азык-түлүк экспортун чектөө мүмкүнчүлүгүн талкуулоо ниетин билдирди, анткени азык-түлүк муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлбөй жатат.
Булак: NazarNews.kg