www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-12-сентябрда өлкөдө суук түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүп, өлкөнүн көп аймагында жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп: 12-13-сентябрь күнү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°га чейин төмөндөйт.
Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүзү 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Булак: NazarNews.kg