www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Кытай Түндүк Атлантикалык альянстын (НАТО) кеңейүүсүнө биргелешип бөгөт коёт. Бул туралуу Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу билдирди.
«Алар (НАТО өлкөлөрү) тар блоктордун түзүмдөрүн бириктирип, ошондой эле Тынч океан жана Инди океандары аркылуу өнүгүүбүздү токтотуу үчүн так Индо-Тынч океан стратегиясын жүргүзүп жатышат. Ушул өңүттөн алганда, биздин стратегиялык кызматташтыгыбызды чыңдоонун актуалдуулугу күчөйт жана биз алардын гегемониясына жана бийлик саясатына каршы биргелешип күрөшөбүз», - деди Чжаньшу.
Кытай өкүлү кошумчалагандай, «америкалык гегемонияга, куугунтукка жана бийлик саясатына биргелешип каршы туруу эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын маанилүү багыты болуп саналат».
Анын айтымында, АКШ Кытай менен Орусияны өзүнүн стратегиялык атаандаштары катары көрүп, НАТОнун чыгышка экспансиясын көзөмөлсүз түрдө кеңейтип, Азия-Тынч океан аймагына кийлигишүүдө.
Эске салсак, буга чейин Пентагондун башчысы Ллойд Остин НАТО Орусия менен кагылышууну көздөбөй турганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg