www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкара Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн Европа Биримдигине (ЕБ) отчет берүүгө ниеттенбейт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган PBS телеканалына берген маегинде билдирди, деп жазат түркиялык Yeni Şafak гезити.

«Европа биримдиги бизди 52 жыл өзүнөн оолак кармап туруп, анан: «Эмне үчүн бул өлкө менен жолугушту, эмне үчүн башка менен жолугушту?» деп сурайт. Мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда биз Европа Биримдигинин алдында жооп бербейбиз», - деп баса белгиледи түрк лидери.

Ал белгилегендей, ШКУнун саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушкан.

«Мен бардык өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Анткени биз баарыбыз бул дүйнөнүн бир бөлүгүбүз. Биз Евробиримдиктин мүчө-мамлекеттери менен жолугушууларды өткөргөнүбүздө «Эмне үчүн алар менен жолугуштуңар?” деген өңдүү суроолор түшкөн жок», - деди ал.

Буга чейин Эрдоган Түркиянын ШКУга кирүү максатын билдирген. Ал уюмга кирүүдө Шанхай бештигинин өлкөлөрү менен мамилеси жакшырып, Түркия үчүн «такыр башка позиция» калыптанганын билдирди. Анын айтымында, өлкө уюмга 2023-жылы Индия өткөрө турган саммитте кирүүнү максат кылууда.

Буга жооп катары Евробиримдик Анкараны тышкы саясатын Брюссел менен координациялоого чакырды. Түркия 1999-жылдан бери Евробиримдикке талапкер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости