www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. ​​​​​​

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-сентябрда эртең менен Лейлек районунда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районундагы Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында кайгуул иштерин жүргүзүүгө багыт алган милиция кызматкерлерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоону, аларга учурдагы абал турукташууга багыт алгандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин колго алууну, ошондой эле жардам сурап кайрылган жарандарга ар тараптуу көмөктөшүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган имараттарды, үйлөрдү, короо-жайларды, соода-түйүндөрдү дыкаттык менен кароого алган ыкчам тергөө топторуна жардам көрсөтүү керектигин да белгиледи. Анткени ыкчам түзүлгөн атайын тергөө топтору Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун бардык жайларын карап чыгып, мыйзам чегинде баарын аныктоого багыт алды.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Учурда абал тынч, эч кандай терс көрүнүш каттала элек. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана ага тартылган күч каражаттары абалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүп, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы атайын иштерди жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости