www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Швеция менен Финляндияга бир шарт койду

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн парламенти Швеция менен Финляндиянын өз милдеттенмелерин аткара албаса, НАТОго кирүү өтүнүчтөрүн жактырбай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Уюмга кошулуу узак процесс, бизге берилген кепилдиктердин жана милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Аткарылбай калган учурда биз ратификациялоо сунушун парламентке жөнөтпөйбүз”, — деди Эрдоган НАТОнун Мадриддеги саммитинен кийинки маалымат жыйынында.

Эске салсак, шейшемби күнү Швеция, Финляндия жана Түркия коопсуздук боюнча меморандумга кол койгон. Ага ылайык, Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулушу боюнча маселени талкуулаган.

Мамлекеттер экстрадиция, терроризмге каршы күрөшүү, анын ичинде Күрд жумушчулар партиясына каршы чара көрүү боюнча кызматташууну бекемдөөнү, маалымат алмашууну макулдашкан.

Түркия буга чейин эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна каршы болуп келген. Буга Анкаранын Түркияда террордук уюм деп таанылган Күрд жумушчулар партиясын Стокгольм менен Хельсинки колдойт деп чочулаганы себеп болгон.

Май айында Финляндия менен Швеция Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү өтүнүчүн тапшырышкан.

Түркия аларды кароо жараянына тоскоол болгон, бирок ушул жуманын башында Хельсинки, Стокгольм жана Анкара коопсуздук меморандумуна кол коюшкан. Анда Түркиянын бардык кооптонуусу эске алынган. Түркия өз кезегинде Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго киришине каршы пикирин кайтарып алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости