www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кол коюлган меморандум Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши боюнча процесстин соңуна чыкканынан кабар бербейт. Бул тууралуу Түркиянын юстиция министри Бекир Боздан билдиргенин РИА Новости жазды.
Шейшемби күнү Швеция, Финляндия жана Түркия коопсуздук боюнча меморандумга кол койгон. Ага ылайык, Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулушу боюнча маселени талкуулап баштоого жол ачылат.
Мамлекеттер экстрадиция, терроризмге каршы күрөшүү, анын ичинде Күрд жумушчулар партиясына каршы чара көрүү боюнча кызматташууну бекемдөөнү, маалымат алмашууну макулдашкан.
Түркия буга чейин эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна каршы болуп келген. Буга Анкаранын Түркияда террордук уюм деп таанылган Күрд жумушчулар партиясын Стокгольм менен Хельсинки колдойт деп чочулаганы себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg