www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жаңы кеңсеге көчкөнүн сындап, жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктү "Кумтөрдүн" каражатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

“Бул сиздики эмес, мамлекеттики. 8 миллиард сом акчаны казынадан алдыңызбы же "Кумтөрдүкүбү?" Мына, азыр канчалаган бөйрөгү ооругандар акчасы жок өлүп жатат. Сиз бул жерде 50 миң доллар аз десеңиз туура эмес. 50 миң эмес, 40 миңге алыңыз. Бул элдин акчасы", - деди Токтошев.

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчкөнүнүн себебин буга чейин бир нече жолу түшүндүргөнүн, "Учкун" имаратында иштөөгө мүмкүн болбой калганын айтты. Ал ар кандай чыгымдардан 104 млн. доллар үнөмдөгөнүн, 2 жылдын ичинде өздөрү кеңсе салып кетерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости