www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 29-июнда парламенттин жыйынында “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинин жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчүү боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, жаңы кеңсенин ижара акысы 50 миң доллардан жогору.
«Депутаттар «Учкун» ААКтын имаратына барышса жакшы болмок, анын абалын көрүшмөк. Бул имарат «Кумтөрдүн» 250 кызматкерине тура келчү эмес, андан тышкары «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинде дагы 150 адам иштейт. Инвесторлордун алдында уят болгонубуз үчүн көчүп кеттик. Чакан кабинетте төрт-беш киши отурушту. Бул компанияга миллиардер инвесторлор келет. Алар эки ажаткананын ортосундагы отургучка отурушчу. Жаңы кеңседе ижара акысы 1 чарчы метри 17 доллар болсун деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Башка бизнес борборлордо ижара баасы 23 доллардан 28 долларга чейин. Алардын бири да беш миң чарчы метрди бере алган жок. Эми Садыр Нургожоевич бизге жер бөлүп берет, жаңы имарат салабыз. Долбоорлорубузду ишке ашырып, анан элди бир аз тынчытуу үчүн имарат салалы деп жатабыз», - дейт Теңиз Бөлтүрүк.
Эске салсак, буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги Бишкектин борборундагы имаратты чоң акчага ижарага алып жатканын билдирген. Анын айтымында, ижара акысы айына 50 миң доллардан кем эмес. Ал мындай чыгымга нааразы болгон.
Булак: NazarNews.kg